I.Boys – Chyrak (Текст и слова песни)

Жаркырап түнкү асманда
Сан жетпеген чырак
Жарык нурун сунат
Бийикке чакырат
Сен ага жолду тап
Аны укпайт кулак
Аны жүрөк гана угат
Айланаңа карачы сага дагы эмне керек?
Эшиктин баары ачык аларкүтүп жатат сени
Кел биз менен кошул бирге барабыз келечекке
Убакытты кетирбейли досум бекер

Сөздөрүң угулбай калып
Ички ааламың бузулган кезде
Чырак кубат беррет сага‚
Жөн гана аны жүрөктөн изде
Миң түрлү кыялдар мени
Чексиз бийиктике алып учат
Сен дагы озүңдүн жолуңду тап
Биз менен жүрөктө чыракты жак

Жарык бер чырагым!
Let’s light (up) this night
Жарык бер чырагым!
Let’s light (up) this night

Бул биздмн wave
Бул жерде биздин vibe
Кызык Disney, let’s light (up) this night
Ачыгын айтчы сага жактыбы?
Эгер кызыгы жок болсо андо үйүңө кайт
Жөнөкөй болсоң чырагың жанат

Бийиктике учурган
Сенин кыялың канат
Убагында жүрөгүңдөгүнү чыгарууга
Жолуңду тап, биз менен бас
Билгиниң убакыт аз

Сөздөрүң угулбай калып
Ички ааламың бузулган кезде
Чырак кубат беррет сага‚
Жөн гана аны жүрөктөн изде
Миң түрлү кыялдар мени
Чексиз бийиктике алып учат
Сен дагы озүңдүн жолуңду тап
Биз менен жүрөктө чыракты жак

Жарык бер чырагым!
Let’s light (up) this night
Жарык бер чырагым!
Let’s light (up) this night

Терең ойлонгун бул оюндун кызыгы эмне?
Өмүр боегун жаркын түстөр менен бойош керек
Миң түрлү кыялдар чексиз бийиктике алып учат
Сен дагы озүңдүн жолуңду тап
Биз менен жүрөктө чыракты жак

Сен дагы жолуңду тап
Биз менен жүрөктө чыракты жак
Сен дагы жолуңду тап
Биз менен жүрөктө чыракты жак
Жарык бер чырагым!

Как сильно вам понравился текст песни?
Оставьте свой комментарий

Тексты и слова русских песен
Добавить комментарий