Кошулушуп эки жаш
Жуп болуптур жар-жар
Кубанышып эл-журту
Кут конуптур жар-жар
Толкуп келген мейманга
Той баштайбыз жар-жар
Болушунча аянбай
Бой таштайбыз жар-жар
Алтын ордо гүл бакча
Калалуу бол жар-жар
Артыңардан ээрчиткен
Балалуу бол жар-жар
Ак элечек колго алып
Ыргап жүргүн жар-жар
Жакшы менен жаманды
Ылгап жүргүн жар-жар
Асманга учсун куш болуп
Ак тилегиң жар-жар
Ажырашпай бир жүрсүн
Ак билегиң жар-жар
Баскан жериң дайыма
Гүлдүү болсун жар-жар
Бүгүн курган жашооңор
Бүрдүү болсун жар-жар
Ырыс алды ынтымак
Билип жүргүн жар-жар
Ата-энеге башыңды
Ийип жүргүн жар-жар
Ак булуттан себилген
Кар болгула жар-жар
Дайым ушул жашоодо
Бар болгула жар-жар